Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды
AZERTAC агенттигинин маалыматына ылайык, мындай буйрукка Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол койду.
«Кырсыктан каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, 2024-жылдын 26-декабрында Азербайжан Республикасынын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялоону чечтим», — деп айтылат президенттин буйругунда.
Белгилей кетсек, кечээ, 25-ноябрда J2-8243 номерлүү Баку-Грозный каттамын аткарып бара жаткан «Азербайжан аба жолдоруна» таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Казакстандын Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта кулаган. Учакта Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Россиянын 16 жараны бар экендиги айтылып, бортто жалпы 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар экени маалымдалган. Алардын ичинен 28 адам аман калып, ооруканага жеткирилгени айтылууда.