«Зордукталдым» деген Батмакан Жолболдуеванын билдирүүсү боюнча милиция маалымат берди
Кечээ, 25-декабрда блогер Батмакан Жолболдуева социалдык тармактагы баракчасында түз эфирге чыгып, «Убактылуу кармоочу жайда зордукталдым» деп айтып чыккан. Окуя боюнча Баткен ОИИБ маалымат таратып, анын айткандары боюнча Баткен ОИИБдин ички иликтөө кызматы кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.
«25-мартта Баткен шаарынын тургуну “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деген таризде арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринын натыйжасында Баткен шаарынын тургуну Батмакан Жолболдуева кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө анын үстүнөн дагы Кылмыш жаза кодексинин негизинде 3 кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө Жолболдуевага айыбы угузулуп, Баткен райондук соту тарабынан камакка алынган.
Бул кылмыш иши обьективдүү тергелиши үчүн кылмыш иши Ош облустук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн. Ал эми Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайында өзүнө кол салгандыгы боюнча Баткен ОИИБдин жетекчилигинин тапшырмасы менен Баткен ОИИБден түзүлгөн топ барып текшерүү жүргүзгөн. Баткен РИИБдин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшергенде, ал жерде кармалып жаткан Батмакан Жолболдуевага карата кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер болгондугу аныкталган эмес.
Батмакан Жолболдуева өзүнүн Фейсбук баракчасында милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБдин ички иликтөө кызматы кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө»,- деп айтылат маалыматта.