Коом
Кыргызстан январдан тарта араб өлкөлөрүнө визасыз режим киргизет
Кыргызстан 2025-жылдын 4-январынан тарта Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирлиги, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейндин жарандары үчүн визасыз режим киргизет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, туристтик максатта келген бул өлкөлөрдүн жарандары бир жылда 180 күн Кыргызстандын аймагында визасыз жүрө алат.