Коом

Кытайдан келген оюнчуктарда зыяндуу заттар табылды

Базарларда ден соолукка олуттуу зыян алып келүүчү оюнчуктар кездешүүдө. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл сайын базарлардан 200дөй оюнчуктун үлгүсү алынып, экспертиза жүргүзүлөт.
«Соңку төрт жылда 1 323 үлгү алынып, 3 503 оюнчук текшерилген. Анын ичинен пластизолдон жасалган 50 үлгүдөн фенол, стирол жана формальдегид сыяктуу уулуу заттардын нормадан 2-10 эсе жогору экени аныкталган. Жыйынтыктар көрсөткөндөй, көбүнчө 3 жаштагы балдарга ылайыкталган Кытайдан чыккан оюнчуктар нормага туура келбейт,» — деп айтылат маалыматта.
Адистер бул химиялык заттар аллергия кылып, нерв системасына зыянын тийгизип, ал тургай ракка чейин жеткирерин белгилешкен.
Мындан тышкары, жыл сайын Кыргызстанга 700 тонна оюнчук импорттолсо, анын 600 тоннасы Кытайдан келери кошумчаланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button