Коом
Камчыбек Ташиев: Жоокер запкы тарта турган болсо, командирин кошуп туруп жазалайбыз
«Армияга келген жоокерлерди кээ бир жерлерде уруп-сабап, токмоктоп койгондор бар». Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Барпы чек ара заставасынын ачылышында айтты.
«Сүлүктүдө ошондой окуя болду. Эгерде кайсы бир жоокер запкы тарта турган болсо, командирин кошуп туруп жазалайбыз. Командирлер күнү-түнү карагыла. Кайрылуулар түшө турган болсо, командирлер жазага тартыласыңар. Эстеп койгула. Билинбей-көрүнбөй калат дебегиле. Уставдын чегинде иш алып баргыла. Бирөөлөрдүн үйүнө барып, башка ишке алып барып деген болбосун. Милдетинен башка эч нерсе кылдырбагыла»,— деди төрага.