Айбек Молдогазиев Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Молдогазиев Айбек Бейшеевич Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.