КоомКылмыш-кырсык
ТИМ учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын абалын айтты
Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын абалы тууралуу маалымат берди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын 2 жараны эс-учунда жана жашоосуна эч кандай коркунуч жок.
«Азербайжан, Орусия жана Казакстандын дарыгерлеринин катышуусунда өткөн консилиумдун негизинде жабырлануучулардын бири Р.А.ны өпкөнүн жасалма дем алдыруучу аппаратына (ИВЛ) которуу чечими кабыл алынган. Анын абалы оор деп бааланып жатат. Хирургиялык кийлигишүү мүмкүнчүлүгү медициналык адистердин сунуштарына ылайык, анын абалы турукташкандан кийин каралат. 28-декабрда Кыргызстандан Казакстанга жабыркаган жарандардын жакындары келери күтүлүүдө«,- деп айтылат маалыматта.