Коом

Кыргызстанда тамеки продукцияларына минималдуу баалары бекитилди

Тамекиге жана никотин камтылган заттарга минималдуу баалар белгиленди.
Токтом тамеки чеккендерди азайтуу, калктын саламаттыгын чыңдоо максатын көздөй турганы айтылган.
Ага ылайык, тамеки, стик жана башка никотин камтыган заттарга (20 даанасына) төмөнкүдөй баалар белгиленген:
2025-жылдан баштап — 110 сом;
2026-жылдан баштап — 120 сом.
Ошондой эле жаңы жылдан тарта электрондук чылым жана ушул сыяктуу электр буулантуучу түзүлүштөрдүн баасы 1 400 сомдон башталмакчы.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2025-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу сала турган мыйзам 22-ноябрда кабыл алынган. Аны бузгандарга 200 миң сомго чейин айып каралган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button