Коом

Садыр Жапаров: Ар бир мигрант өз мекенинде жашашы үчүн мамлекеттин бардык күчүн жумшап жатабыз

Мамлекет 2026-жылга чейин республика боюнча 40 миң батирди куруп бүтүп, жарандарга ипотека шарты менен берүүнү көздөп жатат. Бул Кыргызстан эгемендик алгандан берки эң масштабдуу курулуш өнөктүгү экенин айтсак болот. Жакында эле президент Садыр Жапаров жарандарга 1059 батирдин ачкычын тапшырды. Бирок ошол эле убакта ипотекалык батирлерди алуу үчүн кезек алмашып кеткендигине нааразы болгондор жок эмес. “Кабар” агенттиги өлкө башчысына суроо узатып, жагдай кандай болуп жаткандыгын тактады.

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич. Жаңы жыл алдында мамлекеттик ипотека аркылуу миңден ашык үй-бүлөлөр батир алышты, кубанычтарында чек жок. Айрымдар кезектер алмашып кеткенин айтууда. Негизи эле мамлекеттин жарандарды турак жай менен камсыз кылуу саясаты тууралуу айтып берсеңиз?

— Мамлекет МИКке калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу милдетин так койгонбуз. Максатыбызды ийгиликтүү ишке ашыра баштадык.

Мурда ипотека аркылуу 30 пайызын дароо төлөп, калганын 10 жылга 14 пайыз менен үй алышса, азыркы учурда 4 пайызга түшүрдүк. Алдын ала төлөм жок эле мөөнөтүн 25 жылга жылдырдык. Буга чейин ипотеканын 30 пайызын дароо төлөш керек болчу. Калган суммасын 14 пайыз менен 10 жылга эле берилчү.

Чын чынына келгенде жөнөкөй калк менен мамлекеттик кызматкерлер мындай шарт менен үй ала алышчу эмес. Ошонун баарын жоюп, карапайым калк менен мамлекеттик кызматкерлерге жеткиликтүү кылдык. Мисалы, колунда бир аз акчасы бар, бирок үй ала албай жүргөн жарандарыбыз үчүн да өзүнчө эреже киргиздик. 50 пайызын дароо төлөп, 8 пайыз менен 10-15 жылга алышса болот. Бул жакшы шарт. 1-1,5 жылда эле куруп беребиз. Келечекте шарты жок бирок үйгө муктаж болгон карапайым калкты 25 жылдык мөөнөт менен алдын ала төлөмү жок толук камсыз кылабыз. Бирок кичине убакыт керек.

Келе жаткан жылы дагы 10 миңдеген үй-бүлөлөр үй алышат. Азыр үйлөрдү жапырт түрдө салып атабыз. Ушунун баары жакын арада бүтөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып батир алгандарга кайрыла кетейин. Өзүнүн чама-чаркына карабай эле, дароо 3 бөлмөлүү батир алгандар бар экен. Жумушу туруксуз, айлыгы аз болсо деле дароо 3 бөлмөлүү батир алып албай алыңарга карап алгыла. Турак үйдү кеңейтүү программасын да киргизгенбиз. Биринчи бир бөлмөлүү алгыла. Аны төлөп бүткөндөн кийин аны алмаштырып кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгүңөр бар. Эки бөлмөлүүгө алмаштырсаңар болот. 2 бөлмөлүүнү төлөп бүткөндөн кийин анан 3 бөлмөлүүгө алмаштыргыла. Кыскасы бардык жеңил жана ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик.

Эми батир алгандар силер дагы кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акчалар башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет.

Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт. Себеби ижарада жашасаңар айына андан көп акча төлөмөксүңөр да. Амортизация деген бар. Айып пулдары бар.

Ар бир мигрант өз мекенинде жашашы үчүн мамлекеттин бардык күчүн жумшап жатабыз. Ошондуктан ар ай сайын убагынан кечиктирбей төлөп, абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла.

Силердин артыңарда батир алам деп кезекте жүз миңдеген жарандарыбыз турганын унутпагыла. Алар да силерге окшоп батир алам деп чоң үмүт менен көптөн бери күтүп келе жатышат. Эгер буга чейин батир алгандардын арасында ал-күчүңөрдү ченебей 3 бөлмөлүү батир алып алгандар болсо дароо бир бөлмөлүүгө алмаштыргыла.

Ошондой эле мындан 5-6 жыл мурда эки, үч бөлмөлүү батир алган учурда мисалы эки балалуу үй-бүлө болсо, азыр беш балалуу болуп калган үй-бүлөлөр бар. Алар азыр батирин кеңейтебиз десе ал жагын да эске алдык. Каалоочулар бир, эки бөлмөлүү батирин өткөрөт да, ордуна үч бөлмөлүүнү ала алышат.

Бул суроо боюнча МИКке кайрылсаңар түшүндүрүп беришет.

Ал эми кезекке туруу болсо электрондоштурулган. Аны аттап кетүү мүмкүн эмес. Ар ким өзүнүн кезеги кандай жылып жатканын көрө алат.

Булак: «Кабар» маалымат агенттиги

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button