КоомКылмыш-кырсык

Ошто уюшкан кылмыштуу баңгитоптун мүчөлөрү кармалды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан узак убакыт аралыгында жүргүзүлгөн атайын операциясынын натыйжасында Ош шаарынын аймагында бангизаттарын сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу тобу кармалды.

2024-жылдын 15-октябрында Ош ШИИБнын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш ишинин алкагында ИИМдин каттосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган Ош шаарынын тургуну, буга чейин 8 жолу соттолгон, 1991-ж.т. М.у.Н. жетектеген тобу такталган, алар 1999-ж.т. Н.у.М., 2000-ж.т. З.у.Ч. жана 1998 ж.т. Б.у.М.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, аталган кылмыштуу топ буга чейин, Ош облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүргөндүктөрү аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө чараларынын жыйынтыгында, 2024-жылдын 18-декабрында М.у.Н. кармалып, ал башкарган унаа тинтүү жүргүзүлгөн убакта, унаанын ичинде 2 даана бычак табылып алынган.
2024-жылдын 20-декабрында Б.у.М. кармалып, ал башкарган унааны тинтүү жүргүзүү учурунда, унаанын ичинде афган өндүрүшүндөгү «гашиш» бангизаты табылып алынган.
Жогоруда аталган М.у.Н., Н.у.М., З.у.Ч. жана Б.у.М. шектүү катары кармалган жарандар Ош шаарынын тергөө абагына киргизилген.
Азыркы учурда атайын ыкчам иш-чаралары улантылууда жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, ошондой эле уюшкан кылмыштуу тобтун ишмердүүлүгүн зыянсыздандыруу боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүрүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button