Коом

Кыргызстанда бардык бала бакчаларга видео камералар орнотулат

Бул тууралуу 30-декабрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова басма сөз жыйынында айтты.

Ал учурда өлкөдөгү бала бакчалардын 63 пайызында видео көзөмөл бар экенин, калган 37 пайызына да орнотуу маселеси каралып жатканын билдирди.

“Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө калган бардык бала бакчаларга видео көзөмөлдү орнотуу боюнча тапшырма берилди. Биз Ички иштер министрлиги менен да сүйлөшүп атабыз, видео камералар “Коопсуз шаар” деген долбоору менен интеграцияланат, кайсы бала бакчада эмне болуп жатканы дайыма көзөмөлдө болот” , — деди Жусупбекова.

Быйыл декабрдын башында Жалал-Абаддын Сузак районундагы Октябрь айылындагы бакчалардын биринде тарбиячы балдарды сабап жаткан видео тараган. Бул окуя боюнча териштирүү башталган.

Ага чейин октябрда Чүйдүн Сокулук айылындагы «Алтын балалык» мамлекеттик бала бакчасында беш жашар наристе чарчап калган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button