КоомКылмыш-кырсык
УКМК: Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды
«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 1 миллион 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда колго түшкөн.
«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору кармалды. Шектүү жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
41 жаштагы К.С.Ж. №1 тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.