КоомКылмыш-кырсык
Чолпон-Атадагы мыйзамсыз менчиктештирилген кафе мамлекетке кайтарылды
Чолпон-Атада аскер комиссариатынын аймагындагы 60 миллион сомго бааланган кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 2001-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип, кийин үчүнчү жактарга сатылып кеткен.
«2001-жылы Чолпон-Ата шаардык аскер комиссариатынын мурдагы аскер комиссары С.Э.Т. архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Б.А. менен макулдашып, аскер комиссариаттын жанындагы жерди С.А.М. аттуу жубайынын наамына каттатып, андан ары үчүнчү жактарга саткан. Алар кафе куруп Х.В.В. аттуу жаранга сатып жиберген», — деп айтылат маалыматта.
Бул жердин азыркы ээси базар баасы 60 миллион сомду түзгөн объектини мамлекетке ыктыярдуу кайтарып бергени кошумчаланды.