2-январга чейин өлкө аймагында 15 миңден ашуун тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт
2024-жылдын 31-декабрынан тарта 2025-жылдын 2-январына чейин өлкө аймагында 15 миңден ашуун тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Уран Шамбетов билдирди.
Шамбетов коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча тиешелүү ыкчам пландар иштелип чыкканын белгиледи.
“Бүгүнкү күндө бизде даярдыктар аябай жакшы. Күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы коопсуздукту бекемдөө чараларынын алкагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти. Милициянын атайын топтору түнкүсүн коомдук жайлардагы тартипти жөнгө салууга жана мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган. Техникаларыбыз толук түрдө текшерүүдөн өтүп, азыркы учурда даяр.
31-декабрдан тарта 2-январга чейин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Республика боюнча 15 миңден ашуун милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого тартылды”, — деди ал.
Шамбетов кошумчалагандай, республика боюнча коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 40 миңден ашуун видеокөзөмөл орнотулган.
“Видеокөзөмөлдөрдүн жардамында бир топ кылмыштардын беттери ачылып, бул милиция кызматкерлеринин жумушун бир кыйла жеңилдетүүдө”, — деди ал.