Коом
Өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар эс алуу күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, буга чейин өлкө аймагында адистер тилсиз жоонун алдын алуу максатында мекемелерди, үйлөрдү кыдырып өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Эс алуу күндөрүнүн кырсыксыз, коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында жер-жерлерде өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар күжүрмөн даярдыкта иштешет.
Министрлик жарандар кырсыктын күбөсү болсо же кырсыкка кабылса, ошондой эле аба ырайына байланыштуу унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн кызматтардын бирдиктүү 112 номерине байланышууга чакырат.
Акысыз чалуулар күнү-түнү кабыл алынат.