КоомКылмыш-кырсык

Сокулук районунда  УКМКнын 9-кызматынын кызматкери кырсыктан каза болду.

Сокулук районунда  УКМКнын 9-кызматынын кызматкери кырсыктан каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдиришкен.

Алардын айтымында, 2024-жылдын 30-декабрында Сокулук районунун Ленинград көчөсүндө адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталган.
Кырсык болжол менен саат 02:18де болгон. «Мазда Демио» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1991-жылы туулган А.М., рулду башкара албай, мамыны сүзгөн. Алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Маалыматтарга караганда, маркум Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (Мамлекеттик коопсуздук) 9-кызматынын кызматкери.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button