“Мамлекеттик органдар жаңы жылда салют атуу, корпоратив өткөрүү салтын токтотушу зарыл” – Камчыбек Ташиев
2025-жылдын 1-январында, түнкүсүн КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз элине кайрылуу жасады.
КР УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин айтымында, азыр Жаңы жылда атылган салюттарга эл ышкыбоз деле болбой калды:
— Биз Жаңы жылда салют атуу салтын токтотпосок болбойт. Жок дегенде мамлекеттик органдарда токтотуу зарыл. Кийинки жылдан тарта жок дегенде облус, райондордогу мамлекеттик органдар токтотолуу. Ал эми жеке адамдарга тыюу салбайбыз, кааласа ата берсин. Мамлекеттик органдар үлгү болуп берелик. Биз эсептеп чыктык, болжол менен 50дөн ашык мамлекеттик мекемелер салют атат экен. Ага кеткен каражатты жөнөкөй адамдарга жумшап, көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптарга үй алып берсек болбойт беле? Ошол
50дөн ашык мамлекеттик органдар салютка сарпатаган каражатка эсептеп көрсөм, 50 үй-бүлөнү үйлүү кылса болот экен…
Азыр эми ал акча да жок болду, элге да пайдасы тийбеди. Жаңы жыл боюнча дагы бир айта кете турган жагымсыз нерсе, корпоратив өткөрүү салт болуп калды. Бардык мамлекеттик органдар бирөөсү да калбай, кечелерди өткөрүшүүдө. Мына мен УКМКда “эч кандай корпоратив болбойт ”- деп тыюу салгам. Биздин болжолдуу эсеп боюнча мамлекеттик органдар тарабынан Жаңы жылда 1000ге чукул кече өтөт экен. Ага 50дөн, 500гө чейин адам топтолууда. Бул эбегейсиз чоң чыгымдар. Эң минималдуу алганда бир корпоративге 10 миң доллардан акча кетсе, 1000 корпоратив өткөрүш үчүн 10 млн доллар акча сарпталат экен. Азыр 50 миң долларга бир батир келсе, ал каражатка муктаж болгон 200 адамга батир алып бермекпиз. Биз 3-4 саатта ичип-жеп, акчаны талаага таштап жатабыз.
Мен бүгүн эле бир жетекчилер менен сүйлөшсөм, бири «200 адамга Жаңы жылдык кече өткөрүп бердим»
десе, экинчиси «Мен 500 адамга өткөрдүм» деп мактанып жатат. Бул эмне деген акылсыздык? Ал жерге чоң
суммадагы элдин каражаты сарпталып жатпайбы. Келгиле ошол чыгымды токтотолук. Мамлекеттик
органдын жетекчилери эсиңерге келгиле! Жаңы жылдык кече дегенди токтоткула.
Расмий түрдө Мамлекет башчысы балдар үчүн Жаңы жылды белгилеп берип жатат. Биз дагы бала бакчаларда жашбалдардын көңүлүн көтөрүп жатабыз. Ошол жетет. Дагы бир өтө маанилүү жагдай — Жаңы жылда урматтуу Президентибиз жалпы элди куттуктады. Аны баарыбыз кунт коюп угуп, сүйлөп бүткөндөн кийин бири-бирибизди куттуктап, кубандык. Бул абдан туура нерсе. Жогорку Кеңештин жетекчиси менен Министрлер кабинетинин төрагасы куттукташты, бул дагы туура. Ошол эле кезде башка мекеменин
жетекчилери, силер эмнени куттуктап жатасыңар? Министрликтин жетекчилери, облус жана райондун башчылары чыгып алып куттуктамыш этишүүдө. Арасында кээ бир айыл өкмөттүн жетекчилери чыгып алыптыр, уят эмеспи! Силер президенттен, спикерден, МинКабдын төрагасынан да жакшы куттуктайсыңарбы!
Муну токтоткула! Жетекчибиз куттуктадыбы, баарыбыз ошонун ичиндебиз!
Президенттин, спикердин, Министрлер кабинетинин төрагасынан алдында иштеп жатабыз, алардын куттуктаганы баарыбыздыкы. Тартип ушундан башталат. Көптөгөн өлкөлөрдө мамлекет башчысы гана куттуктады, башкасы унчуккан жок. Демек, бул тартипке дагы көңүлүңөрдү бурушуңар шарт.
Биз баягыдай эле жүрө бербей, коомубузду, мамлекетибизди өзгөртүшүбүз керек. Элибиздин түшүнүгүн, аң-сезимин өзгөртүүгө милдеттүүбүз. Ага ар бириңиздер аракет кыласыздар деген ишеничтемин.
Акырында дагы бир кайталап кетем, урматтуу мамлекеттик органдын кызматкерлери, коррупцияга
аралашпагыла. УКМК кызматкерлери бул багыттагы ишти күчөтөбүз. Өзүңүздөрдү гана эмес, тууган-урук,
балдарыңыздарды зарлатпаңыздар. Мамлекетибиз тазаланышына, өнүгүп-өсүшүнө ар бирибиз салым
кошолук