Коом
«Сапат» бардык мүлкүн «Маарифке» өткөрүп бергенин билдирди
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу «Маариф» түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу мекеме социалдык тармактагы баракчасына 2-январда жарыялады.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси 2024-жылдын 30-декабрда Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүп, түзүүчүлөр курамы алмашканы маалым болгон. Анда Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, «Маариф Улуслар арасы Егитим курумлары» жана Түркиянын «Маариф» фонду көрсөтүлгөн.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Түркиянын «Маариф» фондунун балансына өткөндүгү тууралуу маалыматты 31.12.20224-жылы саат 00:24тө Юстиция министрлигинин сайтынан көрүшкөнүн билдирген.
Ал эми Билим берүү министрлиги эч кандай расмий маалымат бере элек.