Коом
Кыргызстанда “Кылым банк” аттуу мамлекеттик банк түзүлдү
Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда жазылган.
Документте банктын уставдык капиталы 1 миллиард сом болору жазылган. 2027-жылга чейин сумманы 5 миллиард сомго жеткирүү каралган.
“Кылым банк” эсептешүүлөрдү жана клирингдик операцияларды, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүргүзөт. Банк республиканын аймагында борбордук контрагенттин, улуттук депозитарийдин жана номерлөөчү агенттин функциясын аткарат.
Буга чейин мамлекеттик «Элдик банк», «Айыл банк» жана «Керемет банк» банктары бар болчу. ЖМКлар жаңы банктын акциясынын 75 пайызын люксембургдук компания сатып алганын жазышууда.