КоомСаясат

Кыргыз-кытай чек арасында 187 метрлик достук көпүрөсү салынат

Бул тууралуу «Кыргызстандын министрлер кабинети менен КЭР өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунда айтылат.
Документте Алай районундагы Эркеч-Там чек ара пунктундагы объектини кытай тарап курары жазылган. Көпүрө колдонууга берилгенден кийин анын жарымы Кыргызстанга өтөт. Көпүрөнүн эки тарабында: Кытайдын аймагында 1,9 чакырым, Кыргызстандын аймагында 1,5 чакырым узундукта төрт тилкелүү магистраль салынмакчы. Жолдун туурасы 24,5 метрди түзөт.
Бийлик бул долбоор Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн зарыл экенин билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button