Тагдыр: 12 жыл бир адамды сүйүп, анын ойношу болдум…
“Кадам-медиа” сайтына ар түрдүү тагдырлар келип турат, ошолордун дагы бирин редакциялап, жарыялоону туура көрдүм…
Сиздердин сайттан бир нече тагдырларды окуп калып, мен деле ичимдеги шишик ойлорду айтып жарылгым келди. Атымды айтпай эле коеюн.
Мен бул катты өсүп келе жаткан жаш кыздар адашпаса экен, ата-энесинин эл караган бетин жер каратпаса экен деген үмүттө жаздым.
12 жыл бир адамды сүйүп, анын ойношу болдум, катуу сөз, бирок чындык!
Самат башында мени сүйөөрүн айтып, аялынан кетем деп калп айтып жүрчү, бирок анын жалган экенин кийин билдим. Ажырашам деп бир күнү оокаттарын жыйып, менин батириме келди, 2 ай чогуу жашадык, кайра кайын журтунун чакыруусу менен барып, ошондон ары аялы менен жашап кала берди.
Ортодо башка мырзалар менен сүйлөшүп, сүйгөнүм Саматты унуткум келди, ошентип көрдүм. Бирок, башканы сүйө албадым…
Арадан 1 жыл өткөндө сүйүктүүм кайра келди, аялы менен жашаса да мейли, негизгиси мени таштабаса болду деп баарына кайыл болуп бактылуу жүрдүм. Көрсө, аялы менен ажырашарда анын боюнда болуп калып, ошол үчүн жарашыптыр, Самат мени эми балам үчүн жашап жүрөм деп жоошута баштады. Ага деле макул болдум.
Убакыт өтө берди, бир күнү Самат аялы менен ажырашканын айтканында кадимкидей кубандым, өз бакытыма жеттим дедим, мунусунда да жаңылдым.
Самат мага эмес, башкага кетти…
Башка кызды 2 жылдан бери сүйүп калганын айтып, мени да таштап кетти. Ызама чыдай албай, чындыкты билүү үчүн биринчи аялына чалып сурадым, ал да мени табалап, жүрөк чыдагыс сөздөрдү айтты.
Көп убакыт өзүмө келе албай жүрдүм, бирок убакыт дарылайбы же бул арманыма көндүмбү, айтор эптеп жашай баштагансыдым.
Жашоомдун жаркыраган учурун, күлгүн курагын чоочун бир адамга арнап койгонума өкүндүм.
Автор: Асель Жаныбекова
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.