КоомКылмыш-кырсык

Кыргызстанга учуп келе жаткан жаран Мексикада дайынсыз жоголду

Мексикада дайынсыз жоголгон кыргыз жараны Ж.Ж.ны издөө боюнча тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Министрлик тарабынан чет өлкөлөрдөгү Кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, АКШдагы Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери Мексиканын АКШдагы элчилигинин, Орусиянын жана Казакстандын Мексикадагы элчилигинин көмөгү менен Кыргыз жаранын издөө боюнча зарыл ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Мексиканын ыйгарым укуктуу органдарына Кыргыз жаранын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуулар жөнөтүлдү. Колдо болгон маалымат боюнча, аталган жаран Канкун шаарында (Мексика) болгон жана Кыргызстанга учуп келүүнү пландап жаткан.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы чет өлкөдөгү мекемелери керектүү издөө иштерин улантып, дайынсыз жоголгон жарандын жакындары менен байланышта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button