КоомКылмыш-кырсык

Эне-баланы коюп кеткен айдоочу кармалды

Токмокто үч жашар кызы менен турган аялды тебелеп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-январда, Volkswagen Polo унаасынын 60 жаштагы айдоочусу транспортту башкара албай калып, өтмөктө турган эне-баланы коюп кеткен.
Тилекке каршы, бөбөк чарчап калган. Милиция унаанын арткы дөңгөлөктөрү жайкы экенин айтты. Айдоочуга карата «Жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин жана автотранспортту эксплуатациялоону бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button