Коом

Сүлүктүдө дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды

ӨКМ буга чейин Сүлүктүдө үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан кишини издөө иштери жүрүп жатканын билдиришкен.

ӨКМге 1980-жылы туулган эркек киши 19-декабрда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө жүрүп келген.

Бүгүн, 9-январда Баткен ОИИБ изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылганын билдиришти. “Жансыз дене 3-январда табылды. Тоодо 150 метр тереңдиктеги жарга кирип кетип, кар басып калган. Дрондон да ошол үчүн көрүнгөн эмес. Кар эригенде чапаны чыгып калган”, — дешти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button