Коом

Динара Оторбаева: Кыргызстанда үч жылдын ичинде метапневмовирустун 250гө жакын учуру катталган

Кыргызстанда үч жылдын ичинде метапневмовирустун 250гө жакын учуру катталган. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө башкармалагынын башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган вирустук инфекция өткөн жылдары да өлкөдө катталган.

“Биз өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды талдап чыктык. Атүгүл “Кыргызстандын ден соолугу” журналына метапневмовирус боюнча макала да даярдадык. Лабораториялык маалыматтардын жыйынтыгына таянсак, курч респиратордук оорулар күчөгөн кезде 30дан 200гө чейин же андан көп учурлар катталат. Ал эми эң жогорку көрсөткүч 2022–2023-жылдары болуп, илдеттин 236 учуру катталган”, — деди дарыгер.

Оторбаева кошумчалагандай, метапневмовирус өткүр курч вирустук инфекциялардын бири катары расмий түрдө 2001-жылы эле Нидерландда аныкталып, метапневмовирус деп аталган. Ошондой эле метапневмовирусту изилдөөдө 1950-жылдардан тартып эле эл арасында катталып жүргөн вирус экендиги аныкталган.

“Акыркы убактарда Кыргызстандын эле эмес, чет өлкөлөрдүн маалымат каражаттары да вирустун жаңы түрү катталганын тууралуу көп жазып жатышат. Бирок мен дагы бир жолу айткым келет, метапневмовирус жаңы вирус эмес. Ал дүйнөдө 2001-жылы эле катталган. Ал курч респиратордук вирустук инфекциялардын тобуна кирет. Быйыл биздин республикада метапневмовирустун обочолонгон учурларын көрүп жатабыз. Учурда бизде лабораториялык тастыкталган эки гана учур бар”, — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button