ДүйнөКоомСаясат

Трамп Путин менен жолуга турганын билдирди

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин аны менен жолугууга ниетин билдиргенин жар салды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Трамптын айтымында, тараптар бул жолугушууну даярдап жатышат.
«Ал (Путин- ред.) жолуккусу келет, уюштуруу менен алектенип жатабыз», — деп Трамп Флоридадагы резиденциясында журналисттерге айтып берген.
Ал эми Владимир Путин, Кытай лидери Си Цзиньпин менен болчу үч тараптуу кездешүү туурасында суроого маселе кийинчерээк аныкталарын айтып жооп берди.
Россия президенти декабрдагы жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында Трамп менен жолугуп сүйлөшүүгө даярдыгын, эгерде экөө кездешсе сүйлөшө турган кептин бардыгын айткан.
Трамп өзү мурдараак Россия лидеринин диалогго даярдыгы боюнча кабардар экендигин, бирок Ак үйгө расмий кайтып келгенден кийин гана сүйлөшүү мүмкүндүгүн билдирген болчу.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамптын жолугушуусу боюнча конкреттүү пландардын жоктугун, америкалык саясатчы тарабынан бул жаатта «умтулуу» боло электигин белгилеген эле.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button