Коом
Каракол–Эңилчек унаа жолуна каттам ачылды
Ак-Суу районундагы Каракол–Эңилчек унаа жолуна киргизилген убактылуу чектөө абал турукташкандыгына байланыштуу бүгүн, 10-январда алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, күн мурун Каракол–Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болуп айрым тилкелерде күрткү пайда болгондугуна байланыштуу жана унаа жолдун 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында район акиминин тескемесинин негизинде унаа жолдун 38-112-чакырым аралыктары убактылуу жабылган болчу.