Японияда эркек киши бейтааныш адамдарга жагымдуу сөз айтып акча табат. «Мен сени мактайм!» деген жазуу кармаган кишини Токионун көчөлөрүнөн тапса болот. 43 жаштагы бул адам кичинекей акы үчүн алгач сиз менен маек курат, жетишкендиктериңизди баалап «мактоо» айтат. Ал сиздин келбетиңизге да жагымдуу сөздөрдү айтып, көңүлүңүздү көтөрөт.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында «мактоочу байке» мурда Точиги префектурасында кеңсе кызматкери болгон жана кумар оюндарына көз каранды болгон. Анын айынан жумушунан, аялынан ажырап, карызга батып, көчөдө калган. Оокаты жок калган жапондор дайыма көчө аткаруучусу болуп акча табат. Мактоочу байкенин адамдардын жакшы жактарын байкаган, аны айта алган мүнөзү бар эле. Ал жаңы карьерасын ушул өнөрүн акчага айлантуу менен баштаган.
Бир күндө орто эсеп менен 30 адамды мактап, 70 доллардын тегерегинде киреше табат. Үч жылдын ичинде ал туруктуу кардарларды таап, ал тургай Япониянын 31 префектурасына «гастролдорго» барууга үлгүргөн.