Коом
Оштон Караколго учак каттай баштады
Ош шаарынан Ысык-Көлдүн Каракол калаасына Asman Airlines учагы каттай баштады. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту билдирди.
Аталган каттам жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы. Билет баасы 4 100 сомдон башталары айтылды.
Asman Airlines компаниясынын башка дагы каттамдары:
Бишкек – Талас (жумасына 1 жолу);
Бишкек – Ош (күндө);
Бишкек – Жалал-Абад (жумасына 5 жолу);
Бишкек – Баткен (жумасына 3 жолу);
Бишкек – Раззаков (жумасына 3 жолу);
Бишкек – Каракол (жумасына 2 жолу).
Январдын аягында Бишкектен Кербенге жаңы каттам ачылары күтүлүүдө.