Коом
Абхазиядан, Армениядан келген автоунаалар алты айдын ичинде мыйзамдаштырылат
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарды. Ага ылайык, Министрлер кабинети эки айдын ичинде мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана алты айдын ичинде ишке ашырат.
Мамлекет башчынын 2024-жылдын 31-декабрында кол койгон жарлыгына ылайык, биринчи кезекте документтери бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документтери жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга — тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.