Коом
Кыргызстанда күйүүчү май арзандады
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов күйүүчү май 10-декабрда 3 сомго арзандаганын, кечээ дагы 4-5 сомго чейин төмөндөгөнүн билдирди.
«Мындай арзандатуу калган күйүүчү майды сатып түгөтүү максатында киргизилген. Декабрда көпчүлүк колдонгон АИ 92 бензини 67 сомдон болуп жатса, азыр 1 литри 62 сомду көрсөтүүдө», — деди ал.
Эшатов бензиндин баасы Орусиядан көз каранды экенин, ал жак бааны көтөрсө кайра көтөрүлөрүн кошумчалады.