Коом

Ипотекага үй алган адам каражатты үч ай төлөбөсө батир мамлекетке алынат

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ички жобосу боюнча ипотекага үй алган адам каражатты үч ай төлөбөсө келишим жокко чыгарылып, батир мамлекетке алынат. Бул тууралуу компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 10-январда Бишкекте өткөн брифинг учурунда айтты.

“Акчаны эмне себептеп төлөй албай калды, ага эмне таасир этти, 90 күндүн ичинде кардар менен иш алып барабыз. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Кардар төлөмдү өткөрүп жиберсе ага чейин төлөгөн каражаты да кайтарылбайт”, — деди ал.

Буга чейин президент Садыр Жапаров да Мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак жай алгандар акчаны өз убагында төлөп турушу керектигин билдирген. Мамлекет башчы кирешеси чектелүү экенине карабай дароо 2-3 бөлмөлүү батир алып алгандар бар экенин айтып, айлыгы аз, туруктуу жумушу жокторду биринчи бир бөлмөлүү батир алып турууга чакырган.

“Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет. Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт”, — деп айткан ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курганн маегинде.

Былтыр 16-декабрда Бишкектин Скрябин көчөсүнө Мамлекеттик ипотекалык компания курган 549 батир, 24-декабрда №47 түзөтүү колониясынын ордуна түшкөн “Мурас” турак жай комплексинен 510 батир ээлерине берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button