КоомКылмыш-кырсык

Мейманканадагы адамга кол салгандар кармалды

Милиция кызматкерлери каракчылык боюнча шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

9-январь күнү саат 03:40 чамасында Свердлов РИИБге Огомбаев көчөсүндөгү мейманканалардын бирине белгисиз адамдар кирип барып, жаранга карата күч колдонуп, курч буюм менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 50 миң доллар акчасын алып, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка качып кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2003, 1999, 2004-жылы туулган шектүүлөр кармалган. Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button