Коом

ТИМ Россия Федерациясынын аймагына бара жаткан жарандарга бир катар эскертүүлөрдү сунуштады

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консулдук департаменти Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясынын аймагына бара жаткан жарандарга эскертүү жарыялады:

РФна бараардан мурда, кирүүгө тыюу салынган жарандардын тизмесинен өзүӊүздү текшерип алыңыз (migrant.kg).

  1. Жашаган, иштеген жериңизди жана эмгек шарттарын алдын-ала тактап алыӊыз.
  2. Паспорттуңуздун жарактуулук мөөнөтүн текшерип алыӊыз.
  3. Россия Федерациясында жүрүү мөөнөтү 90 күндөн ашпоосу зарыл, эгерде эмгек ишмердүүлүгү максатында барсаңыз, анда эмгек келишимин/жарандык-укуктук келишимин түзүп, өзүңүз жана үй-бүлөңүздүн жүрүү мөөнөттөрүн узартып алсаңыз болот.

Ал үчүн өзүңүз же кабыл алган тарап, жашаган дарек боюнча миграциялык бөлүмгө арыз менен кайрылуусу зарыл.

Үй-бүлө мүчөсүнө карата арызды кызматкер өзү жеке бериши керек. Жүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен үй-бүлөлүк мамилелерди ырастоочу документтер (нике жөнүндө күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, камкорчулук же көзөмөлчүлүк жөнүндө документтер, ошондой эле анын кызматкерге көз каранды экендигин тастыктоочу башка документтер) жана алардын көчүрмөлөрү, эмгек же жарандык-укуктук келишим

Убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин чет өлкөлүк жарандын миграциялык картасына тиешелүү белги коюлат.

Окуу учурунда дагы Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтү  эркин формадагы арыздын жана Россия Федерациясынын аймагында окуп жаткандыгын ырастоочу документтердин негизинде узартылат.

  1. Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын Мамлекеттик чек арасын кесип өткөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат. Миграцияга жүргөн жери боюнча каттоо үчүн алар кабыл алган тарапка миграциялык картаны жана паспортун беришет.

Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органына берилген жумушчунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн келгендиги жөнүндө кабарлоодон тышкары, кабыл алуучу тарап кызматкер менен түзгөн эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн тиркейт. Ошондой эле үй-бүлөлүк мамилелерди тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү берилет.

Кабыл алуучу тарап чет өлкөлүк жаранды жүргөн жери боюнча миграциялык каттоого койгондон кийин ага миграциялык каттоого алынгандыгы жөнүндө белги менен келүү жөнүндө маалымкаттын ажыратылуучу бөлүгү берилет.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жараны миграциялык каттоо органына өзүнүн жашаган жерине келгендигин өзү же бирдиктүү портал аркылуу электрондук түрдө төмөнкү учурларда билдирсе болот:

— кабыл алуучу тарапка келгендиги жөнүндө билдирүүнү жөнөтүүгө тоскоол болгон документалдуу тастыкталган себептер болсо;

— эгерде жарандын жашап жаткан турак жайга менчик укугу болсо;

— кабыл алуучу тарап менен турак жайды ижарага алуу келишими түзүлгөн болсо.

  1. Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагында жумуш берүүчү менен жумушту аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин негизинде эмгек ишин жүргүзүүгө укуктуу.

Эмгек же жарандык-укуктук келишим Россия Федерациясынын аймагына кирген күндөн тартып 90 күн өтүп, мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Кыргыз Республикасынын жарандары 15 күндүн ичинде, эч жакка кетпестен жаңы эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүүгө укуктуу.

  1. Россия Федерациясында фотосүрөттөрдү манжа изи менен каттоонун, ошондой эле жыл сайын медициналык кароодон өтүүнүн милдеттүү тартиби киргизилген.

Иштөө максатында келген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өтүү мөөнөтү 30-күндүн ичинде, ишке байланышпаган максатта келгендер үчүн 90-күндү түзөт.

Манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына же ага караштуу ишканаларга кайрылуусу керек. Өткөндөн кийин «жашыл карта» аттуу документ берилет.

Эгерде баруунун максаты өзгөрсө, Кыргыз Республикасынын жарандары эмгек келишими түзүлгөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде, бирок Россия Федерациясынын аймагына кирген күндөн тартып 90 календардык күндөн кечиктирбестен манжа изин каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн милдеттүү түрдө өтүшөт.

  1. Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясында убактылуу же туруктуу жашоо максатында, тиешелүү консультацияларды алуу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын миграциялык бөлүмүнө кайрылууга укуктуу.

Мыйзам бузгандарды Россия Федерациясынын аймагынан чыгаруу жана депортациялоо учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу жарандардын көңүлүн мыйзамды так сактоо зарылдыгына бурабыз.

 МААНИЛҮҮ:

— манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу процедурасынан өтүү жана тастыктоочу документти (“жашыл карта”) алуу;

— коркунучтуу оорулардын жана баңги заттарды колдонуунун бар же жоктугуна жыл сайын медициналык текшерүүдөн өтүү жана ички иштер органдарына тиешелүү документтерди берүү;

— миграциялык каттоону жүргүзүүдө жана иш жүзүндө жашаган жери боюнча чет өлкөлүк жарандын келген жери жөнүндө билдирүүдө (жашаган жери боюнча катталган дареги) көрсөтүлгөн дарек боюнча милдеттенмелерди аткаруу;

— Россия Федерациясынын аймагында эмгек ишмердүүлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы, жумуштардын аткарылышы же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарынын миграциялык бөлүмдөрүн билдирүү;

СУНУШТАЛАТ:

— үчүнчү жактардан, ортомчулардан жана диаспоралардын өкүлдөрүнөн анын ичинде интернеттеги, телеграм каналдардагы жана башка мессенджерлердеги жарнактар аркылуу миграциялык каттоо документтерин, миграциялык карталарды, Россияда жашоого жана иштөөгө уруксаттарды сатып албаңыз, жеке документтериңизди аларга бербеңиз;

— турак жайдын менчик ээлери менен жазуу түрүндө ижара келишимдерин түзүү, анын негизинде жашаган жериңер жөнүндөгү билдирүүлөрдү өз алдынча берүү керек;

— миграциялык документтерди тариздөө жана консультациялык жардам көрсөтүү үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарынын миграциялык бөлүмдөрүнө жана Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин «Паспорттук-визалык кызмат» федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын филиалдарына, ыйгарым укуктуу органына кайрылуу. Россия Федерациясынын мыйзамдары менен жарандарга жана уюмдарга миграция чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү (www.pvsmvd.ru);

— РФнын аймагында болуунун белгиленген эрежелерин жана мыйзамдарын, анын ичинде милиция кызматкерлеринин жана контролдоочу органдардын талаптарын аткаруу менен сактоо жана жергиликтүү салт-санааларды сыйлап руханий-адептик баалуулуктарды урматтоо.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button