КоомШоу-бизнес
Бегимай Турусбекова россиялык «Царица» музыкалык шоуcунда экинчи орунду ээледи
Финалдык шоунун ачылышында ал Регина Тодоренко менен «Улетаю» чыгармасын аткарды. Жеке номерде кыргызстандык ырчы «Обезоружена» аттуу чыгарма менен чыкты.
«Бегимай чоң жолдубасып өттү, бул жолду кичинекей жашоо деп айтууга болот. Мен аны менен бир сахнада болуу бактысына ээ болгонум үчүн абдан кубанычтамын», — деди Регина.
Наташа Королёва Турусбекованы долбоордун лидери катары сыпаттады.
Шоунун дээрлик бардык этаптарында калыстар кыргызстандык ырчыны мыкты катышуучу деп белгилеп келишти. Бирок финалда калыстар жана көрүүчүлөр эң жогорку упайды Светлана Ларионовага беришип, ага жеңиш ыйгарылды.
Комментарийлерде көпчүлүк Бегимайдын сейрек кездешүүчү музыкалык талантына баа берип, аны элдин сүймөнчүгү дешүүдө.