Коом
Айдар Халиковду Кыргызстанга экстрадициялоо каралып жатат – ИИМ
Ички иштер министрлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланып, Молдовада кармалган Кыргызстандын жаранын (1965-жылы туулган) өлкөгө экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган “кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” менен айып тагылууда.
Х.Х. Хайдарали Халиков экени белгилүү болду. ИИМ тараткан инициал жана шектүүнүн туулган жылы Айдар Халиковдун аты-жөнүнө туура келет.