“Маариф” фонду окутуунун баасы өзгөртүлбөй турганын билдирди
11-январда Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде Түркиянын “Маариф” фондунун өкүлдөрү окуучулардын ата-энелери менен жолугушту. Алар “Сапат” билим берүү мекемелеринде иш мурдагыдай эле улана берерин, билим берүүнүн сапатын дагы жакшыртууга аракет кылышарын айтып, бул жолку жолугушуу ата-энелер менен таанышуу үчүн уюштурулганын билдиришти.
Андан тышкары “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлеринин, мектептеринин аталыштары, билим берүү системасы да өзгөртүлбөй турганы жана контракт да ошол бойдон калары айтылды.
Жолугушууга Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде эле эмес, “Сапаттын” башка билим берүү мекемелеринде да окуган балдардын ата-энелери катышты. Алар мындай жолугушуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, нааразы болушту.
Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон.