УКМК: Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча кеңешмелер өткөрүлүүдө
2025-жылдын 11-январында КР УКМК тарабынан Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.М. Мадьяровдун, сот органдарынын, прокуратуранын, ИИБнын, ӨКМдин, УКМКнын Чек ара кызматынын жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга жалпы 350дөн ашык адам катышты.
Жыйындын башында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Ж.Б.Сыдыков облустагы коррупцияга каршы күрөштүн абалы жана өлкө мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат берди.
Ошондой эле, иш-чаранын катышуучулары үчүн УКМК өкүлдөрү «Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» презентациясын көрсөтүштү, ошондой эле мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө беришти.
Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдар аралыгында коррупциялык кылмыштарды абсолюттук түрдө жок кылуу милдети коюлганы айтылды. Буга байланыштуу Баткен облусунун мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызматкерлерине коррупцияны ишке ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертилди. Коррупция фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында соттолгон адам жана анын жакын туугандары белгилүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салууга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылып, күнөөлүү адамдар келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп берүү менен эркинен ажыратылат.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга жер-жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат жеткирүү, ошондой эле туруктуу негизде коррупциялык укук бузуулардын алдын алууну камсыздоо тапшырылды.