КоомКылмыш-кырсык

Мыйзам иштей баштады. Таласта милиция кызматкери кармалды

КР УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте ИИБ кызматкери тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады.

2025-жылдын 11-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Пара талап кылуу» боюнча кылмыш ишинин алкагында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча текшерүүнү токтоткондугу үчүн талап кылынган сумманын 20 000 сом бөлүгүн алгандан кийин Талас райондук ИИБнын милициянын участкалык инспектору Ж.Т.А. кармалып, Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам – тергөө иш-чаралары улантылууда.
Белгилей кетсек, бул коррупциялык көрүнүштөрдүн жоопкерчилик чараларын күчөтүү боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийинки жаңы жылдагы биринчи учур болуп жатат.
Эске салсак, 2024-жылдын 31-декабрында КР Президенти Садыр Жапаров «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган. Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Ал коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуу чараларын түзүүгө, ошондой эле мындай кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жана мамлекеттик, муниципалдык кызматка кайра орношууну каалаган адамдар үчүн Жазаларды күчөтүүгө жана чектөөлөрдү белгилөөгө багытталган.
КР УКМК мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталган учурларда жарандарды 03422 5-20-43, 03422 5-28-58 ишеним телефондоруна кайрылууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button