Адам баласы жаралганда алдыда кандай сыноо болоорун алдын ала көрүп билгенде балким жашоо азыркыдай табышмактуу, түйшүктүү болбос беле? Жараткан сыноону эрки күчтүү, көтөрө алчу гана пендеге берет сыяктуу. Биздин каарман тээ жаштайынан балтырын булгап, балдар менен чуркап ойноо бактысына көз артып чоңойгон Автандил Апитаев.

Автандил бала кезинен шал оорусу менен жабыркайт.

Өзүнүн айтуусунда бир гана апасынын талыкпаган эмгеги, жашоого болгон жакшы тилектери артында көптөгөн ийгиликтерге жеткен.

Каарманыбыз канчалык кыйынчылык, жан сыздаткан ооруну жеңип, азыр түрдүү эмеректерди жасап, үй-бүлө жүгүн алга сүйрөп келет.

Учурда эки уулдун атасы, жубайынын сүйүктүү жолдошу.

Жашоону сүйүп, умтулуп, бир орунда отуруп калбай, бир убакта таякеси тындырбай бир канча чакырым бастырган күндү кубануу менен эскерет.

Дал ошол күндөн тартып алдыга умтулуп, спорт менен машыгып, бир канча сыйлыктардын ээси болгон.

Даярдаган журналист Назгул Кушназарова