Анкарадагы Хаджеттепе университетинин профессору, Түркиянын коронавирусту изилдөө боюнча илимий комитетинин мүчөсү Атеш Кара, лейкопластырдагы микроийненин жардамы менен жаныбарларга вакцина куюшканын айтты. Бул вакцина организмде антитела пайда кылып, коронавирустун клеткаларга кошулганына бөгөт коет. Бул тууралуу 5-апрелде ТАСС билдирди.

 «Жакшы жаңылык бар. Есть хорошая новость. Лейкопластырдагы микроийненин жардамы менен жаныбарларга коронавируска каршы  вакцина куюлду. Ал вакцина организмде антитела пайда кылып, коронавирустун клеткаларга кошулганына бөгөт коет. Эми бул адамдарды оорудан коргой алабы, ошону текшерүү учуру келди», — деп, өзүнүн Twitter баракчасына жазды.  

Ошол эле учурда Россияда да коронавируска каршы вакцинаны жаныбарларга сыноо жүрүп жатат. Бул сыноолор апрелдин аягында аяктаары күтүлүүдө. Өткөн ишембиде мамлекетик «Вектор» илимий борборунун башкы директору Ринат Максютов, клиникага чейинки сыноолор 11-майда, а клиникалыгы 29-апрелде башталышы мүмкүн экенин айтты.

Булак:  Abal.kg