Акыркы убакта биздин жашообуз кимдир бирөө жазып койгон сценарий боюнча өтүп жаткандай сезилет. Ким билет, балким кайсы бир убакытта фантастика деп аталган ойлор биздин айлана чөйрөбүзгө кирип келет. Мында  жашоонун диалектикасы көрүнүп турат: канчалык түрдө технологиялык прогресс бийик болсо, ошончолук табигый жана адам дүйнөсү аялуу болуп, тынчсыздануу сезимдер уламдан улам көбөйүп жатат.

             Дүйнөдө коронавирустун жүрүшү тууралуу жаңылыктардын баарынан эң кейиштүүсү Италиядагы окуялар сезилет:  өтүп кеткен адамдардын саны акылга сыйбаганы аз келгенсип, бул өлкөгө кошуна мамлекеттердин кайдыгер мамилеси андан да чоң резонансты жаратууда. Маалымат каражаттары берген жаңылыктарга карата, «эч бир финансылык гарантиялар болбойт, вирустун күрөшүнө эч бир коллективдүү финансылык жардам болбойт, мамлекеттик карыздар боюнча эч бир жалпы европалык гарантиялар болбойт», деген сүйлөмдөр аң сезимге сыйбаган мамилени жаратат. Сөзсүз түрдө мамлекеттик аралык мамилелердин  биз билбеген дипломатиялык өзгөчөлүктөрү бар, бирок ошентсе да бир жыйынтык өзү менен өзү жаралып келип турат – Италия бул кыйынчылыктарда жалгыз калды. Европанын жалпы үйү аттуу түшүнүктүн эч бир мааниси калбагандай сезилет. Эгерде маселенин түпкү тамырына карай турган болсок, бул окуяда индивидуализм философиясынын абсолюттук көрүнүшүөзү менен өзү келип чыгат.

            Жеке бир өлкөнүн тагдыры тууралуу ойломдор жалпы адам, коом, мамлекет тууралуу ой жүгүртүүгө алып келет. Анын ичинде акыркы кылымдарда адамзат жашоосундагы эңбир пайдалуу деп эсептелген идея тууралу капалана турган корутундууга такап келет. Азыркы дүйнөдө рационализм менен либерализмдин кризиси өзүнүн логикалык аяктоосуна келгени объективдүү көрүнүш катары сезилет. Италия жана Европа биримдигинин бактылуу жашоодо турган башка өлкөлөрүнүн окуялары либерализм идеясынын кесепеттери катары көрүнүп турат. Эмне себептен деген суроо жаралышы мүмкүн?

            Европа биримдиги – аталган региондун биримдигин бир гана территориялык чек аралардан эркин өтүү менен эмес, жалпы тышкы саясат жана коопсуздук саясаты, бирдиктүү европа валютасы жана өз ара аракеттенүү, өз ара жардам жана колдоо жөнүндө расмий документтер аркылуу далилденген биримдик. Европа биримдигине тереңирээк карасак – европалык баалуулуктардын жана жашоо принциптеринин биримдигинин негизинде калыптанган коомчулук болуп саналат. Баардык европалык мамлекеттер жеке адам укуктарынын жана эркиндиктеринин туруктуулугун белгилеген либерализм идеясынын негизинде калыптанышкан. Неолиберализм базар экономикасынын мамлекеттик жөнгө салуусу  менен социалдык жардам  берүүнү далилдеген. Демек, Европа биримдигинин мамлекеттери – либералдык демократиянын жолдоочулары.

            Эмне себептен жалпы дүйнө шартында либерализм идеясынын тарашы соңуна келди деген ойду айтууга мүмкүн? Индивидуализмди регионалдык жашоо принциптери да жеңе алган жок, демек мамлекеттик деңгээлде пропагандаланган либерализмдин бир гана түшүнүүгө жана керектүү шарттарда өз ара жардамүчүн шанс бербегени аз келгенсип, андан да белгилүү бир шарттарда аман калууга да шанс бербейт.

            Бул жерде бир нерсеге көңүл буруу зарыл: адамзат тарыхынын өнүгүүсүндө коомдук, мамлекеттик  негиздердин кыймылы – эң биринчи иретте бул философиялык идеялардын кыймылы, убакыттын өтүшү менен ал идеялар саясий конструкцияларга ээ болот. Демек, көпчүлүк саясатчылардын катасы алардын өздөрүн дүйнө менен мамлекеттик негиздердин куруучулары катары эсептептегендеринде. Чындыгында болсо саясатчылар философдордон идеяларды алып  аларды идеологияларга айландырып, негизинде элдерди ошол идеологиялар менен азгырып кетишет. Тарыхтын күбөсүндө жакшылыкка ниеттелген философиялык идеялар көп учурларда саясаттын кыймылында ыплас бир ойломдорго айланат. Эмнеге бул нерсени айтып жатам?

            Биздин саясатчыларга эскертүү катарында, анткени жакынкы арада алар коомго өздөрүнүн күрөшүн таңуулашат. Кимдир бирө айтышы мүмкүн: кайдагы саясатчылар, кайдагы шайлоолор эгерде азыркы учурда эң негизги маселе, бул элди коронавирустан сактоо. Ал чындык, бирок  коомдук процесстерге тереңирээк жана ары караш керек – эртели кечпи пандемия басаңдайт. Эгерде монгол-түрк үч бурчтугуна ишенсек, бизде вирус жеңилирээк өтөт, бирок буга да эч ким кепилдик бере албайт. Ошондо агитаторлордун элди эмне үчүн агитациялашканын ойлоштору абзел. Биздин өлкөдө саясий ишмердүүлүгүндө либерализм идеясына үгүттөшкөн айрым инсандар жана агымдар бар. Бул окуя ошолор үчүн.

            Акыркы күндөрү социалдык тармактар боюнча Италия жаранынын өлкөсү тууралуу эң бир сыздактан жана кайдыгер калтырбаган ролик жүрдү. Аны көргөндө   адамдын, цивилизациялардын жашоосундагы эң бир маанилүү нерселер жөнүндө ойлонгонго мажбурлаган. Италия – Рим империясынын чагылдыруусу, грек маданияты менен бирге кийин Батыш цивилизация деп аталып калган цивилизациянын негизи болуп далиденген. Демек, Греция менен Италия адамзат тарыхында эң бир маанилүү деп эсептелинген цивилизациянын булактары болуп саналат. Адамдын акылындаөзүнүн түпкү тамырын, жашоосунун символу катары эсептелген негиздерди урматтоо жана баалоо зарыл жана натыйжада батыш баалуулуктарын, жашоо принциптерин белгилеген негиздерге таазим этүү керек. Байыркы булактардын мааниси  тарыхтын эңбир оор, кризистик доорлордо мотивация берүүсүндө. Эгерде ошол булактарга эч кандай урмат болбосо, болочоктогу жеңиштер үчүн, жалпы келечектеги жашоо үчүн күчтү кайдан алуу мүмкүн? Манкуртчулук эч бир учурларда жардам берген эмес, цивилизациянын тарыхый мурастарын унутуу сөзсүз түрдө ал цивилизация системасынын тарыхтын көлөкөсүнө кетүүгө мажбурлайт. Байыркы булактар катары көрүнгөн Греция менен Италиянын кыйрашы батыш дүйнөсүнүн тарыхый баяны катарында эсептелинген негиздин таркап кетүүсү менен барабар. Заманбап жашоодо эмне болуп жатат?

            Греция бүгүнкү күндөдээрлик жок кылынган,кайсы бир учурда батыш цивилизациянын философиялык негиздерин туртуулаган;  Гомер, Геродот, Софоклду жараткан маданияттын эч бир элеси калган деле жок. Эллинизм байыркы заманда  Рим империясын түзгөн италий маданиятын тарыхтын алдыңкы барагына чыгарган, ошол Рим империясы  батыш дүйнөсүнүн мамлекеттик түзүлүшүнүн негиздерин калыптандырган. Бүгүнкү күндө батыш демократиясынын символу болгон либерализм адам болумунун, эркиндигинин, баалуулуктарынын жана ой жүгүртүүсүнүн терең кризисин сезип турган учуру. Мындай учурда дүйнөнүн объективдүү багыты катарында саналган ааламдашуунун абалы кандай? Ааламдашуу маанисинде бирдиктүү жана бири-бирине көз каранды дүйнөнүн элесин түзөт. Ошол эле учурда, эгерде  бирдиктүү дүйнөнүн  бир жеринде кандайдыр бир  оорчулук жаралса, ал табигый түрдө баардыгына чагылдырылат. Бир менталдык негизге ээ болгон жана бир либералдык идея аркылуу жетектелген регион компромисске келе албаса, демек парадокс жаралат. Евросоюз атка конгон регион өзүнүн  коомчулугунун мүчөсүнө  туруштук бере албаса жалпы бирдиктүү, глобалдуу дүйнө жөнүндө кандай пикирге ээболуу мүмкүн? Бир гана белгилүү субъекттердин кызыкчылыгына карата басымдарды өзгөртпөсө, башкача кандай мамиле жасоо мүмкүн?

            Мунун негизинде заманбап дүйнөнүн өнүгүүсүндөгү болгон саясий идеологиялардын багыттары тууралуу бир гана ойлонбостон, кайра карап чыгуу ниети жаралууда. Биздин өлкөдөлиберализм идеясын ишке ашыруу боюнча аракеттенген саясий күчтөр заманбап багыттардан артта калуусун гана эмес, контекстуалдуу ой жүгүрткөн коомдо либерализм идеясынын катастрофалык маанисин түшүнбөгөнү менен барабар. Кыргызстандын акыркы өнүгүүсүнүн кичинекей тажрыйбасына карата либерализм идеясынын өкүнүчтүү натыйжаларына алып келгенин көрсөк болот. Бул «ар бир адам өзү үчүн» аттуу принцибинин саясий элитанын дүйнөсүндө калыптанганын жана өкүнүчтүү натыйжаларга алып келгенин көрсөтөт. Заманбап жашоодо бул принцип кээ бир саясий  тандемдердин урашына, саясий партиялардын идеяларынын жоголушуна, кызыкчылыктардын чексиз конфликтине алып келген. Ошонун баары саясий көз караштардын өзгөрүшүү деп берилген. Базар мамилелеринин принциптери бир гана экономикада эмес, өзгөчө саясатта орун алган, натыйжада жашоонун социалдык жана маданий мейкиндигинде табигый түрдө чагылдырылган.

            Логикага таяна турган болсок, либерал, бул жоопкерчилик сезими өнүккөн,өзүнөөзү жетиштүү индивидуалист болуп саналат.Бизде болсо бул жоопкерчиликке ээ болбогон гана эмес, ачыгын айтканда, же барктай албаган, же намыс, жоопкерчилик, ички маданият түшүнүктөрүнүн маани-маңызын түшүнбөгөн индивидуалисттин элеси жаралат.

            Заманбап өнүгүүнүн ичинде болуу үчүн Кыргызстанда эмне жасоо керек? Либерализм идеясынын негизинде коомду титиретпөө зарыл, анткени кылым чейрегинин негизинде ал идеянын эч бир натыйжага алып келбегендигин даана көрдүк. Биз үчүн либералдуу демократиянын пайдалуу эместигинин бир нече себептери бар – алардын ичинен биринчиси, индивидуализмге каршы болгон менталдык негиздердин болушу; экинчиси болсо, идеологиялык негизи боюнча коллективдүүлүктүн негизинде курулган мамлекеттик жашоонун астында жашоо тажрыйбасы. Кыргызстан үчүн накта либерализм коронавируска окшош.

            Менталдык негиздердин маани-маңызы өтө терең, канчалык түрдө тарыхтын объективдүү багыты катарында сүрөттөлгөн, универсалдуу баалуулуктар менен жашоонун принциптерин чагылдырган ааламдашуу да менталдык негиздерге туруштук бере албайт. Жашоонун эрежелерин, коомдун, мамлекеттин өнүгүүсүнүн принциптерин бере турган бул бир гана менталдык негиздер. Канчалык түрдө аларды байкабагандай мамиле жасасак, ошончолук кудуктун түбүнө түшкөн менен барабар болот. Мамлекетибизге либералдык демократияны канчалык түрдө жабыштырсак, ошончолук өзүбүздүн маданий мурасыбызды текке кетиребиз. Тарыхтын өзү бизди бир нерсеге үйрөтөт: кимдир бирөөнүн жолу менен басуу эч кандай натыйжага алып келбейт. Тескерисинче, учу кыйрысыз мейкиндиктин бир жолун чагылдырган өзүбүздүн дүйнөбүздү калыптандырышыбыз абзел. Көпчүлүк мамлекеттердин тажрыйбасы либералдык демократия эмес, башка бир жашоонун мүмкүн экенин далилдеп келет.өзүбүздүн менталдык булактардын негизинде идеологияны түзүү артка кеткен деп эсептелиниши туура эмес жана технологиялык прогресстен кол жууган менен барабар эмес, андан да ааламдашуудан баш тартуу дегенди билдирбейт. өзүбүздүн менталитетибиздин өзгөчөлүктөрүнөтаянуу элдин кабыл алуусуна жеңил болот. Жакынкы тарыхта Кыргызстан өзгөрүүлөрдүн алдында болуп келген, бир канча процесстерди биринчи болуп өткөн – улуттук валюта менен дүйнөлүк соода уюмуна киргени (демек, экономикада); парламенттик демократияга өтүүшү (демек, саясатта); тоталитардык бийликке каршы болуусу (демек, коомдук мейкиндикте); этномаданий символдордун жылдыруусу (демек, маданий жашоодо). Мындай биринчиликтин касиетин зарыл болгон жана күтүлгөн өзгөрүүлөрдүн  пайдалуу ниетинде колдонуу абзел.

Жылдыз Урманбетова, философия илимдеринин доктору, профессор