Саламаттык сактоо министрлигинде Кытайдан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн алынып келинген гуманитардык жүктү өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Кытайдан берилген гуманитардык жардамдарга төмөнкүлөр кирет:

медициналык кызматкерлер үчүн жалпы суммасы 640 000 кытай юаны, же

болжол менен 7 млн 690 миң сом эсептелген ПЧР-диагностикалоонун реагенттери,

жеке коргонуу каражаттары (бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер,

кол каптар жана бахилалар).

Мындан мурда Кыргыз Республикасына COVID-19 дартын аныктоочу 21 000 даана экспресс-тесттер берилген.