Далилдердин жетишсиздигинен улам Лондондогу кыймылсыз мүлктөргө байланыштуу сотту Назарбаевдин үй-бүлөсү уттуп чыкты.

Кечээ 8-апрелде Британияда Дарига Назарбаева жана анын уулу Нурали Алиевке таандык хан сарай жана батирлерди алууга жол ачкан үч ордерди Лондондун жогорку соту жокко чыгарды.

Маалыматтарга ылайык Дарига Назарбаева жана анын жолдошу маркум Рахат Алиевдин хан сарайларын, мыйзамсыз баюу жолу менен алган деген жүйөө менен Британия соту кайрылуу жолдоп, батирлер кайсы каражатка келгенин далилдеп берүүсүн талап кылган.