Индиянын жашоочулары 30 жылдан соң Гималай тоосун көрүштү. Карантинге байланыштуу көпчүлүк үйдө отуруп, завод, фабрикалар токтоп, унаалардан чыккан газ, чаң жок аба тазарып Индиянын жашоочулары терезеден Гималай тоосун көрүп кубанууда.

Учурда абанын тазалануусу бир гана Индия эмес башка өлкөлөрдө да байкалууда. Эксперттер өзгөчө буга чейин абасы кир деп саналган Кытай жана Италия өлкөлөрүндө да абанын тазарганын айтууда.

Мындай көрүнүш биздин борбор калаа Бишкекте да байкалды.

Көпчүлүк соц тармактарга шаардын абасы ыштан, түтүндөн тазаланды деген билдирүүлөрүн  калтырууда.