Ааламга атагы чыккан ырчы Леди Гаганын сунушу менен дүйнөлүк жылдыздар онлайн концерт беришет.

Концертке Аланис Мориссетт, Андреа Бочелли, Билли Айлиш, Дэвид Бекхэм, Элтон Джон, Пол Маккартни ж.б белгилүү ырчылар катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле түз эфирде пандемия менен күрөшүп жаткан дарыгерлер, вирустан сакайган жарандар кеңеш беришет.

Ырчы Гаганын айтымында көрүүчүлөрдөн эч нерсе талап кылынбайт, болгону онлайн концерти көрүп, ыр угуп карантинде эргүү алуу.

Шоу концерт 18- апрелде Бишкек убактысы менен эрте мененки саат 6да башталат.

ABC, NBC, ViacomCBS Networks, iHeartMedia жана Bell Media, ошондой эле Alibaba, Amazon Prime Video, Apple, Facebook, Instagram, LiveXLive, Tencent, Tencent Music Entertainment Group, TIDAL, TuneIn, Twitch, Twitter, Yahoo ,YouTube каналдарынан көрүүгө болот.