НАСА астронавты, МКС-62/63 экипажы Крисс Кэссиди COVID-19 вирусунун бейшемби күнү келген экипаж менен бирге Эл аралык космостук станцияга өтүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жок экендигин белгиледи.

«Бардыгы болушу мүмкүн … ошентсе да биз өзүбүз менен бирге аны (вирусту) алып өттүк» — деп айткандан алыспыз деди ал жума күнү өткөн телебрифингде.

Эске сала кетсек россиялык Анатолий Иванишнин, Иван Вагнер жана НАСА астронавты Кристофер Кэссиди жума күнү Байкоңур космодромунан космосту көздөй старт алышкан. Туура алты саат өткөндөн кийин алар учкан космос корабли МКСга учуп жеткен.

Өз кезегинде Кэссиди Россиягафевраль айынын аягында Хьюстон шаарынан келгендигин, ал эми март айынын биринчи аптасында учуу иштери менен байланышкан даярдыктар өткөндүгүн, буга байланыштуу машыгуучу базадан сыртка чыкпагандыгын айткан.

Белгилей кетчү нерсе, азыр МКС бортунда НАСА астронавттары Жессика Мейр, Эндрю Морган, Крисс Кэссиди, ошондой эле россиялык Олег Скрипочка, Анатолий Иванишин жана Иван Вагнер бар.