Түштүк Кореянын медиктери COVID-19 менен ооруган, абалдары оор эки бейтапка, коронавируска антителасы бар ооруп айыккандардын канынын плазмасын куюу менен, аларды айыктырышканын айтып чыгышты. Бул туурасында 12-апрелде Popmech.ru билдирди.

Эки окуя тең бири-бирине аябай окшош. Кеп улгайган бейтаптар жөнүндө кетип атат – 71 жаштагы эркек, 67 жаштагы аял туурасында. Эркектин ооруп калганы февраль айынын акырында билинген, а аялдыкы марттын башында. Экөөнүн тең абалы оорлоп, өпкөлөрүн жасалма желдетүүгө (ИВЛ) мажубур  боло башташканда, ар бирине ортосу 12 сааттан эки дозадан, 500 миллилитрден плазма куюшкан. Ага чейин аларды вирустарга каршы гидроксихлорохин жана лопинавир/ритонавир менен дарылап жатышкан – бирок экөөнүн тең  абалы кан куйгандан кийин оңолгон.

Марттын аягына карата эркек ИВЛден ийгиликтүү ажыратылып, а аял толук бойдон айыгып, ооруканадан үйүнө  чыгарылган. Коронавируска тест экөөндө тең терс чыккан.

Плазма менен кошо бейтаптар кортикостероиддердин негизиндеги гормоналдык каражаттарды да алышкан. Бирок, Түштүк  Кореялык медиктер алардын таасирдүүлүгүнө анча ишенишпейт. Азырынча, алар кортикостероид плазматерапия менен кошулганда гана оң натыйжа бере алат деп ойлошот. Бирок ошол эле учурда, гормондор антитела түзмөк турсун, тескерисинче иммунитетти басаңдатып ийиши мүмкүн экенин күбөлөндүргөн учурлар бар.

Булак: Abal.kg