Коменданттык саатты бузган 88 жаран кармалып, 3 автоунаа токтотулду – ИИМ

Коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 88 жаран жеткирилип, 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 56,

Ош шаары боюнча – 16,

Жалал-Абад шаары боюнча – 10,

Сузак району боюнча – 5,

Кара-Суу району боюнча -1.

Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2472 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

ИИМдин Басма Сөз кызматы