COVID-19 коронавирусунун вакцинасы Улуу Британияда ушул жылдын сентябрь айында даяр болуусу мүмкүн. Бул тууралуу Оксфорд университетинин вакцинология профессору Сара Гилберт “Times” журналына берген маегинде билдирген.

Коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгуу менен алектенип жатышкан илимий-изилдөө тобун жетектеген Гилберт айымдын айтуусу боюнча “Эгерде кандайдыр бир факторлор таасир этип кетпесе эле” вакцина сентябрь айына даяр болуп калышы мүмкүн.

“- Буга чейинки вакциналарды ойлоп табуудагы ийгиликтерди эске алсак жаңы вакцина сөзсүз таасирдүү болот. Жок, бул жөн гана жекече туюм эмес. Жума өткөн сайын анализ үчүн алынуучу маалыматтар көбөйүүдө жана мунун өзү биздин ийгиликтерге жетээрибизге чоң ишеним жаратууда.  Ал эми вакцинаны клиникалык жактан сыноо жакынкы эки жума аралыгында ишке киришет” — дейт Гилберт.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркияда коронавируска каршы вакцина жаныбарларга сыналып, ийгиликтүүү аяктагандыгы айтылган. АКШда болсо клиникалык сыноо иштери адамдарга өткөрүлө баштады.